• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Боом капчыгайында кайрадан өрт чыкты (видео)

Кырсык 0


Бишкек, 25.03.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок 2 айылында тилкедеги ачык аянтта кайрадан өрт чыкты.

ӨКМден кабарлашкандай, өрт бүгүн болжол менен саат 11:20да чыккан. Жеринде 4 күжүрмөн эсеп тартылды. Андан тышкары, Токой чарбасынан 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 15 адам, Тоң райондук РИИБден 12 кызматкер жалынды өчүрүү ишине көмөк көрсөтүүдө.

Ошондой эле абалды ыкчам жөнгө салуу максатында саат 12:02де КР ӨКМге караштуу ККББнын ыкчам тобу тартылды.

Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн жалпы аянты болжолдуу 5 сотыхды түзөт.

Белгилей кетсек, күн мурун, 24-мартта аталган аймакта өрт чыгып, анын жалыны болжол менен 50 га аянтты каптаган.

Пикир

Оставить комментарий