• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек шаарына 15 миңден ашуун дарак көчөттөрү отургузулат

Саясат 0

Бишкек, 25.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарына жакында дагы 15 миң 427 түп дарак көчөттөрүн отургузуу пландалууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын 11 миң 165и жазы жалбырактуу дарактар болсо, 4 миң 262си ийне жалбырактуу дарактар. Ошондой эле шаардын гүлзарларын 167,6 миң түп бир жылдык гүлдөр, 60 миң түп роза гүлдөрү көрккө бөлөп, 73 миң 980 чарчы метр аянтка жашыл майсаң себилет.

“Бишкекжашыл чарба” ишканасынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө борбор калаада 4 миң 457 жазы жалбырактуу жана 3 миң 715 ийне жалбырактуу дарактар, 1 миң 24 түп бадал, 160 миң түп жоогазын отургузулду.

Пикир

Оставить комментарий