• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖМКлар аркылуу чет мамлекеттер башка өлкөнүн ички иштерине кийлигише алышат – Фарид Ниязов

Саясат 0

Бишкек, 17-март /Кабар/. Маалыматтык ресурстар аркылуу чет мамлекеттер башка бир өлкөнүн ички иштерине аралаша алышат. Бул тууралуу КТРКнын “Ой ордо” берүүсүндө КР Президентинин кеңешчиси Фарид Ниязов билдирди.

Анын айтымында, учурда маалымат кубаттуу куралга айланды. “Бүгүн дүйнө өзгөрдү. Биз маалымат кылымында жашап жатабыз, ал товар дагы, курал дагы, эсептерди берүү үчүн каражат катары дагы колдонулууда. Ошондуктан мунун бары ички саясий ишке дагы, бизнеске дагы, тышкы саясий жашоого дагы өтүп кетти. Ушуга байланыштуу чет мамлекеттер ЖМКлар аркылуу башка бир өлкөнүн ички иштерине кийлигише алат деп айтууга болот. Биз муну АКШдагы президенттик шайлоодон кийин башка өлкөнүн шайлоо процессине кийлигишкендиги боюнча айыптоолордон соң көрдүк. Шайлоодон бери жарым жылга чукул убакыт өткөнүнө карабай дискуссиялар токтобой келет. Мындай окуя Кошмо Штаттар дүйнөдөгү жалгыз чоң держава болуп саналганына карабастан болууда. Ал жакта элдер дүйнөдөгү абал өзгөрүптүр деген чечимге келишти”,-деди ал.

Ошондой эле, Ф.Ниязов Кыргызстанда сөз эркиндиги барбы деген суроого жооп берди.

“Сөз эркиндиги – оюңду эркин айтуу. Бүгүнкү күндө маалымат ресурстарына, журналисттерге, жарандарга өз оюн эркин айтуусуна ким тоскоолдук кылууда? Экинчиден, өлкөдө реакция кылуу жана ЖМКлар менен коомчулуктун ортосунда кайра байланыштын механизмдери ирээттелген эмес. Биз саясатчылар журналисттер менен соттошбоосун коргоп турдук, бул система биздин жашообузга интернет келгенге чейин көп убакыт иштеди. Мен газетада дагы, башка маалымат каражаттарында дагы иштегем. Мурда газета бир күн эле жашайт, ал эми интернеттеги маалымат түбөлүккө сакталып калат деп айтышчу. Эгер азыр 5 жыл мурда бир адам тууралуу жалган маалымат жазылган макаланы табыш керек болсо, анда издөөгө жөн гана тиешелүү команданы терип коюу жетиштүү болот. Ошондуктан көз карандысыз органдын, керек болсо соттун бул жалган, ушак болгондугу тууралуу чечими керек. Мен азырынча мындай акт жок экенине ишенем, ушак адамды өмүр бою коштоп жүрөт. Ушундай мисалдар бар”,-деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий