• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан суу ташкынынын курмандыктарына байланыштуу Ливия элине көңүл айтат

Саясат 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. Кыргызстан табигый суу ташкындарынын кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Ливия элине терең кайгыруу менен көңүл айтат. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

КР Тышкы иштер министрлиги жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин жана бардык дайынсыз жоголгондордун аман-эсен табылышын тилеп, оор сыноо саатын башынан өткөрүп жаткан Ливия элине сабырдуулук, кайраттуулук жана биримдик каалайт.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрында Ливиянын чыгышында суу ташкыны болуп, 3 миңдей адам курман болгон. Чет элдик ЖМКлардын маалыматына таянсак, 7 миңден ашуун киши дайынсыз жоголгон.

Алдын ала маалыматка караганда, табигый кырсыкка "Даниэль" циклону себеп болгон.

Пикир

Оставить комментарий