• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Путин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен марттын аягында келет

Саясат 0

Бишкек, 23.01.19 /Кабар/. Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик визити 2019-жылдын март айынын аягында болоору күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

«Кыргыз-россиялык мамилелерди, союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү илгерилетүү, достукту бекемдөө жана экономикалык долбоорлорду алга жылдыруу максатында президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинди Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келүүгө чакырган. Азыр тараптар бул маселенин үстүндө иштешүүдө. Россия президентинин Кыргызстанга мамлекеттик визити 2019-жылдын март айынын аягында болоору күтүлүүдө», — деп белгиледи Сыдыков.

Ал 2018-жылдын сентябрь айында Тажикстанда өткөн КМШ мамлекеттеринин башчыларынын кезектеги Кеңешинин талаасында Кыргызстандын жана Россиянын президенттеринин эки тараптуу жолугушуусу болгонун, анын жүрүшүндө Жээнбеков Путинди расмий түрдө Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келүүгө чакырганын эске салды. Ошол учурдан баштап бул иш-чараны даярдоо боюнча активдүү иш башталды.

«Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков 2018-жылдын 26-октябрындагы өзүнүн Россияга алгачкы визитинин алкагында россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушкан. Тараптар Россия президентинин Кыргызстанга мамлекеттик визитине байланыштуу маселелерди талкуулашты», — деп кошумчалады Сыдыков.

2019-жылдын 3-4-февралында РФ Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Кыргызстанга расмий визити күтүлүүдө. Путиндин Кыргызстанга алдыдагы мамлекеттик визитин талкуулоо анын күн тартибиндеги башкы маселе болот.

«Мамлекеттик визиттин алкагында бир катар иш-чаралар болжолдонгон. Кыргыз-россиялык Өкмөттөр аралык комиссиянын 21-отуруму өтөт, Кыргызстандын жана Россиянын бизнес коомчулугунун 500 өкүлү катышкан 8-кыргыз-россиялык Региондор аралык конференциясы өткөрүлөт. Кыргызстанда биринчи жолу Кыргызстандын жана Россиянын Жогорку окуу жайларынын (ЖОЖ) ректорлорунун форуму өтөт. Форумдун жыйынтыктары боюнча эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда бир катар макулдашууларга кол коюлат», — деп кошумчалады Сыдыков.

Кыргызстандын жана Россиянын президенттеринин эки тараптуу жолугушууларынын алкагында кыргыз-россиялык кызматташтыктын орчундуу маселелери боюнча, анын ичинде: соода-экономикалык кызматташтык, аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу, Кыргызстанда инфраструктуралык курулуш чөйрөсүндөгү долбоорлорду илгерилетүү маселелери талкууланат. Ошондой эле Россияда жашап жана эмгектенип жатышкан мекендештер жөнүндө маселелер көтөрүлөт.

Россия президентинин Кыргызстанга мамлекеттик визитинин жыйынтыктары боюнча аскерий, экономикалык жана укук коргоо чөйрөлөрү, регионалдык кызматташтык жана тышкы саясатта өз ара аракеттешүү боюнча 15ке чукул документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

«Владимир Путиндин Кыргызстанга алдыдагы мамлекеттик визитинин жыйынтыктары боюнча биздин өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер мындан ары карай тездик менен өнүгө баштайт деп ишенебиз», — деп жыйынтыктады Сыдыков.

Пикир

Оставить комментарий