• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Кыргызавтожолдун" кызматкерлери Суусамыр - Талас - Тараз жолуна бөлүнгөн каражатты ыйгарып алышкан

Коом 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Таластагы филиалынын кызмат адамдары Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолуна бөлүнгөн каражатты ыйгарып алышкан. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Талас облусунун аймагында инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик каражаттарды уурдоо менен байланышкан коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Талас облусундагы филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери аныкталды.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Таластагы филиалынын кызмат адамдары тарабынан Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолунун курулушуна каралган акча каражаты ыйгарылып алынганы тастыкталды.

Көрүлгөн тергөө жана ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында мамлекеттин бюджетине 1 млн 900 миң сом кайтарылды.

Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо, ошондой эле аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий