• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖӨБЭММА “Жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүдөгү жаштардын ролу” аттуу жаштар форумун өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 24-декабрда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги (ЖӨБЭММА), ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен “Кыргыз жараны жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүдөгү жаштардын ролу” аттуу республикалык жаштар форумун өткөрдү. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Форумдун негизги максаты - Кыргыз Республикасында 2021-2026-жылдар аралыгында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү Концепциясын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн жаштардын сунуштарын кабыл алуу болду.

Форумдун жүрүшүндө катышуучулар Концепциянын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты жана Концепцияны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын долбооруна тиешелүү сунуштарын беришти. Аталган сунуштар форумдун катышуучуларынын чакан топтордогу активдүү секциялык иштеринин натыйжасында иштелип чыкты.

Форумга КР президентинин аппаратынын, КР өкмөтүнүн аппаратынын, КР өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин, КР Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү, Жаштар парламентинин активисттери жана Кыргызстан калк Ассамблеясынын жаштар канаты, ошондой эле жаш лидерлер жана Кыргызстандын бардык аймактарынан келген этникалык жамааттардын активисттери катышты.

Пикир

Оставить комментарий