• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте ЕБ жана БА мамлекеттеринин Афганистан боюнча атайын өкүлдөрүнүн жыйыны өттү

Саясат 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Бишкекте Европа Биримдиги жана Борбор Азия мамлекеттеринин Афганистан боюнча атайын өкүлдөрүнүн бешинчи жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын Афганистан боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Афганистанга жардам көрсөтүү миссиясынын башчысы Роза Отунбаева да катышты.

Катышуучулар Афганистандагы учурдагы окуяларды жана Дохадагы экинчи эл аралык жыйындын алдында БУУ баштаган процессти талкуулашты. Ошондой эле БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы жана Кабулда жайгашкан Борбор Азия өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен онлайн пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий