• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаровдун БАЭге болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди

Президент 0

Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) 12-февралдан 14-февралга чейинки иш сапары аяктады.

Дубай шаарына болгон сапарынын алгачкы күнү Мамлекет башчысы Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммад Саиф Аль Сувэйди менен жолугушту.

Анда ири инфраструктуралык, инвестициялык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Ошол эле күнү БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруи менен сүйлөшүүлөр болду.

Буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруу маселелерине токтолуп, Мамлекет башчысы “Masdar” компаниясы тарабынан күн электр станциясынын курулушуна өзгөчө маани берилерин айтып, Кыргызстан аталган долбоордун алкагында милдеттенмелерин өз убагында аткарарын баса белгиледи.

13-февралда Садыр Жапаров 10-Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитинде сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Кыргызстандын мындан аркы өнүгүүсү боюнча көз карашы менен бөлүштү. Ал баса белгилегендей, акыркы үч жылда өлкө аткаруу бийлигинин бардык тутумун модернизациялоо, Өкмөттүн ишин трансформациялоо, коррупцияга каршы элдешкис күрөш, жаңы экономикалык саясатты ишке ашыруу жана калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тутумун санариптештирүү аркылуу терең экономикалык кризистен акырындык менен өнүгүүгө өттү.

Ошондой эле Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитинин аянтчасында Садыр Жапаров инвесторлор менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Ошондой эле БАЭнин Вице-президенти, Премьер-министри, Дубайдын Башкаруучусу Мухаммад бин Рашид Аль Мактум менен жолугушуу болду.

Тараптар Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашты.

13-февралда Президент Дубай ислам банкынын төрагасы Мухаммад Аль-Шайбани менен жолугушуп, ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, ошондой эле ислам каржылоо принциптерине негизделген банк кызматтарын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Иш сапарын аяктап, Президент Садыр Жапаров 14-февралда Бишкек шаарына кайтып келди.

Пикир

Оставить комментарий