• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Жалал-Абадда облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы имараты ачылды

Президент 0


Бишкек, 12.04.24./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарында Р.Г. Бауэр атындагы облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы имаратын ачты.

Аталган борбор 1948-жылы чопо жана жыгач сыяктуу материалдардан курулуп, моралдык жактан эскирген эле. Өткөн жылы республикалык бюджеттин эсебинен кургак учукка каршы оорукананын жаңы имаратынын курулушу эл аралык стандарттарга ылайык, инфекциялык контролдоо чараларын сактоо менен башталган. Жаңы үч кабаттуу имарат 96 орунга ылайыкталган.

Мамлекет башчысы борборду, тактап айтканда бейтаптардын жайлуулугу үчүн бардык зарыл шарттары бар палаталарды, ошондой эле орнотулган медициналык жабдуулар, анын ичинде заманбап санариптик рентген аппаратты ж. б. көрүп чыкты.

Садыр Жапаров ден соолук маселеси ар заман маанилүү экенин баса белгилеп, саламаттык сактоо сектору мамлекеттин башкы артыкчылыктарынын бири экенин айтты.

Пикир

Оставить комментарий