• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров MadWay Rally эл аралык долбоорунун катышуучулары менен жолугушту

Президент 0


Бишкек, 01.07.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн 24-июндан 1-июлга чейин Кыргызстанда өтүп жаткан MadWay Rally эл аралык долбоорунун катышуучулары менен жолугушту.

Катышуучулар өз автомашиналарынын бекемдигин ар кайсы өлкөлөрдүн татаал участокторунда сынашат, быйыл эл аралык ралли Кыргызстанда өтүп жатат.

Бардык унаалар пост-апокалиптикалык «Mad Max: Fury Road» («Безумный Макс: Дорога ярости») боевик тасмасынын стилинде жасалган.

Мамлекет башчысы унаалардын бирин тоолуу жолдордо өзү айдап көрүп, эл аралык долбоордун катышуучулары менен да баарлашты.

Негизинен ар кайсы өлкөлөрдүн ири ишкерлери болгон раллинин катышуучулары өз долбоорунун тарых-таржымалы, өлкөнүн тоолуу ашууларында автоунааларды сыноо учурундагы маршруттардын татаалдыгы тууралуу кыскача айтып беришти.

Мындан тышкары, алар MadWay Rally долбоорунун миссиясы - жаңы маршруттарды ачуу жана жайылтуу менен гана чектелбестен, жарыш өтүүчү жерлерди кайра куруу жана калыбына келтирүүгө жигердүү салым кошуу экенин белгилешти. Мисалы, үстүбүздөгү жылдын июнь айында алар Кыргызстан элине меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, кароосуз калган Өрнөк-Кемин жолун тазалоого жардам беришкен.

Ошондой эле бүгүн Булан-Сөгөттү айылындагы ат майданда чет элдик эстрада жылдыздарынын катышуусу менен MadWay Fest кайрымдуулук музыкалык фестивалы өтөт.

MadWay Rally долбоорунун катышуучулары Кыргызстан тууралуу өз ой-пикирлери менен бөлүшүп, өлкөгө биринчи жолу келип, жаратылышынын кооздугуна суктанып жатышканын белгилешти. Ошондой эле алар Кыргызстанда өткөн маршруттар бою аларга дайыма абдан боорукер жакшы адамдар жолукканын айтышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчысы быйыл ралли Кыргызстанда өтүп жатканына кубанганын билдирип, өлкө социалдык багыттагы мындай туристтик долбоорлорго ар дайым ачык экенин баса белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстандын эли конокторду ар дайым кубаныч менен тосуп аларын жана аларды жылуу тосуп алууга даяр экенин баса белгиледи. Туристтердин Кыргызстанга болгон кызыгуусу чоң жана алардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. Кыргызстандын жаратылышы дүйнөнүн төрт бурчунан келген туристтерди өзүнө тартып турат.

«Биз өлкөнүн конокторуна кыргыздын жогорку деңгээлдеги меймандостугу көрсөтүлүп, ар бир турист мекенине кайтып барганда өлкө тууралуу жакшы жана жагымдуу элес калышы үчүн жана алар сөзсүз түрдө Кыргызстанга саякатын кайталашы үчүн кам көрөбүз», - деди Садыр Жапаров.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров конокторго – бул эл аралык долбоордун катышуучуларына раллинин ийгиликтүү аякташын каалады.

Пикир

Оставить комментарий