• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абадда IT-борборун ачты

Президент 0


Бишкек, 12.0.4.24./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарында жаңы IT-борборду ачты.

Борбор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде түзүлгөн жана өлкөнүн IT-тармагын өнүктүрүүдө, аны жаңы деңгээлге көтөрүүдө маанилүү кадам болуп саналат.

2023-жылдын май айында башталган үч кабаттуу инновациялык IT-борборунун курулушу учурда 100% аяктаган. Долбоордун жалпы баасы 65 млн 363 миң сомду түздү. Долбоор IT-RUN компаниясы тарабынан мамлекеттин жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын колдоосу менен ишке ашырылды. Мамлекет Жалал-Абад шаарынын мэриясынын атынан жер берип, имаратты курган. IT-борбор өз кезегинде кадрларды жана окутууну камсыздаган. Борбор балдарга да, чоңдорго да программалоону үйрөтөт. Жыл сайын IT-мектепте 10 орун шаардык мэриянын комиссиясы тарабынан тандалып алынган 7 жаштан жогоркуларга бекер берилет.

IT-борборду ачып жатып, Мамлекет башчысы IT-тармагын өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи. Ал Кыргызстанда маалыматтык технологиялар тармагында аймактагы лидер болуу үчүн бардык зарыл ресурстар бар экенин баса белгиледи. IT секторун өнүктүрүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк бул максатка жетүү үчүн эффективдүү инструмент катары каралууда.

Ошол эле учурда Садыр Жапаров борбордо эле эмес, өлкөнүн бардык аймактарында IT-тармагын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө токтолуп, аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү өлкөнүн бардык булуң-бурчтарында IT-тармагын өнүктүрүүнү каалаган жаштарга жана инвесторлорго ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырды.

Андан кийин Президент Садыр Жапаров жаңы IT-мектептин аймагына бак-дарактардын көчөттөрүн отургузууга катышты.

Пикир

Оставить комментарий