• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР жарандыгына кабыл алуу жана чыгуу жөнүндө Жарлыктарга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 17.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 4 Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүму билдирди.

Анын ичинен Кыргыз Республикасынын Президентинин 3 Жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына 821 адамды кабыл алуу жөнүндө, алардын көпчүлүгү Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мурдагы жарандары, тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1 Жарлыгы 390 адамды (292 - чоң адамдар, 98 - балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 14-октябрындагы № 210 “Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө” Жарлыгынын тексти >>>

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 14-октябрындагы № 211 “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” Жарлыгынын тексти >>>

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 14-октябрындагы № 212 “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” Жарлыгынын тексти >>>

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 14-октябрындагы № 213 “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” Жарлыгынын тексти >>>

Пикир

Оставить комментарий