• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

КР элчилигинин өкүлдөрү Киевдеги балдар ооруканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин өкүлдөрү Киев шаарындагы «ОХМАТДЕТ» улуттук адистештирилген балдар ооруканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

КР ТИМден билдиришкендей, иш-чарага Украинада аккредиттелген дипломатиялык корпустун өкүлдөрү да катышты.

Оорукананын бөлүмдөрүнүн иш-аракеттерин жана статистикалык маалыматтарды Киев ОХМАТДЕТтин адистери балдар офтальмологиясы, балдар ортопедиясы, балдар нейрохирургиясы, балдар онкогематологиясы, жилик чучугун трансплантациялоо, неонаталдык хирургия, жаак-бет хирургиясы, иммуногистология, криобанк жана нур диагностикасы сыяктуу тармактарда олуттуу ийгиликтерге жетишкенин көрсөтүп турат.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча азыркы этапта онлайн иш-чараларды уюштуруу жолу менен квалификацияны жогорулатуу, тажрыйба алмашуу тармагында кызматташуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий