• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Аномалдуу ысыктан сактануу үчүн эмне кылуу керек?

Коом 0

Саламаттык сактоо министрлиги аномалдуу ысык аба ырайын жүрөк-кан тамыр жана өнөкөт оорулардан жапа чеккендер эмес, дени сак адам да көтөрө албай турганын эскертет. Мындай аба ырайында өнөкөт оорулар күчөп кетиши мүмкүн. Жай мезгилинде дагы бир маанилүү коркунуч - ичеги-карын инфекциялары, айрыкча жаш балдар арасында жана тамак-аштан уулануу коркунучу бир нече эсеге көбөйөт.

Аномалдуу ысыктан сактануу үчүн эмне кылуу зарыл?

- күндүн эң ысык мезгилинде мүмкүн болушунча көлөкө жерде болууга аракет кылыңыз;

- өзүңүздү ысыктан коргоо үчүн калпак жана табигый кездемеден тигилген жеңил, кенен кийим кийиңиз. Мындай ысыкта синтетикалык кездемеден тигилген кийимдер тери ооруларына алып келет;

-көбүрөөк кайнатылган, бөлмө температурасында муздатылган суюктук (2,5-3л) ичүү сунушталат, эң жакшысы газсыз минералдык суу, лимон кошулган муздак жашыл же кара чай. Газдалган жана алкоголдук ичимдиктерден баш тартуу жакшы;

-суу өтө муздак болбошу керек, анткени ысыкта иммунитеттин төмөндөшүнөн тамак оору жана курч респиратордук инфекцияларга чалдыгып калуу коркунучу күчөйт;

- сууга түшүү - денени муздатуунун жакшы жолу, жуунганда жуунуунун эрежелерин сактоо керек жана эч кандай учурда спирт ичимдиктерин ичпеңиз;

- сунушталбаган, атүгүл тыюу салынган жерлерде сууда сүзбөңүз.

Ичеги инфекциясы менен ооруп калбоо үчүн:

- көчөдөн үйгө кайтып келгенден кийин, тамак ичердин алдында, тамак даярдап жатканда, дааратканага баргандан кийин, коомдук транспортто жүргөндөн кийин колду тез-тез жана жакшылап самындап жууп туруу;

- жашылчаларды, жемиштерди жана мөмөлөрдү суу түтүгүнүн астында жакшылап жууп жегиле;

- сатуучудан сатылып жаткан продукциянын сапат сертификатын суроо;

-ашканада тазалыкты сактаңыз, тамак-аштын калдыктарын чогултпаңыз жана чымындардан сактануу үчүн терезелерди сеткалаңыз;

- жеке үйлөрдө ажатканаларды таза кармоо, аларды өз убагында дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен тазалоо, анткени ысык мезгилде патогендик микробдорду таманында алып жүрүүчү чымындардын массалык түрдө көбөйүшүнө жакшы шарттар түзүлөт;

- тамак-ашты туш келди адамдардан, көчө сатуучулардан же базарлардан сатып албаңыз;

- үй шартында ысык жана муздак тамактарды даярдоодо гигиеналык эрежелерди, тамак-аш азыктарын, өзгөчө тез бузулуучу азыктарды сактоо мөөнөтүн жана сактоо шарттарын сактаңыз. Чийки тамактарды жана бышырылган тамактарды өзүнчө сактоо керек;

- чийки тамактарды иштетүү үчүн өзүнчө бычактарды жана кесүүчү такталарды колдонуу шарт;

- тез бузулуучу тамак-аштарды жана даяр тамактарды муздаткычта +2 - +8 градус температурада гана сактоо;

- майрамдык тамак-аштын калдыктары менен алек болбоңуз, даяр калдыктарды муздаткычтарда 1 күндөн ашык эмес сактаңыз жана мурунку күндөгү тамаш-ашты кайра ысытыңыз.

Пикир

Оставить комментарий