• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунда бир катар мектептерди ачты

Президент 0


Бишкек, 12.04.24./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстан айылындагы № 18 "Манас-1000" мектебинин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Ошол эле маалда онлайн форматта мамлекет башчысынын катышуусу менен Сузак районунда дагы үч мектептин ачылышы болду. Алар:

  • 375 орундуу С. Эшматов атындагы № 21 мектеп,
  • 275 орундуу Б. Алыкулов атындагы № 46 мектеп,
  • 225 орундуу К. Осмоналиев атындагы № 109 мектеп.

№ 18 “Манас 1000” орто мектеби 1995-жылы курулган. 2019-жылы жаңы имараттын курулуш иштери башталган.

Жалпы сметалык баасы 81 млн сомго жакынды түзөт. Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган.

Эки кабаттуу имарат 275 окуучуга ылайыкташкан. Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.

Чакырылгандардын алдында сүйлөгөн сөзүндө Садыр Жапаров бул маанилүү окуя менен куттуктап, экономикалык маанилүү борборго айланып келе жаткан Жалал-Абад шаарында ири инвестициялык долбоорлор, социалдык-экономикалык, инфратүзүмдүк иш-аракеттерден сырткары, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө да өзгөчө көңүл бурулуп келе жатканын белгиледи.

Мамлекет башчысы өлкө боюнча алгачкылардан болуп мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби менен курулган IT-борборунун ачылышын да айта кетти.

“Биз акыркы жылдары балдарыбыздын билим сапатын жакшыртуу үчүн мектеп имараттарынын курулушун масштабдуу түрдө колго алдык. Өткөн 2023-жылы эле өлкө боюнча 100дөн ашуун мектеп колдонууга берилди. Бул багыттагы жумуштар быйыл да ушундай темпте улантылат”, - деди Садыр Жапаров.

Президент бул мектептерден балдарыбыз сапаттуу билим алып, Кыргызстандын чыныгы мекенчил атуулдары чыгат, деп үмүт артат.

“Кайсы гана өнүккөн өлкөнү албайлы, билим менен укмуштуудай бийиктиктерди багындырып келе жатышат. Билимдүү жаштарыбыз – мамлекетибиздин келечеги, улутубуздун уңгусу, өлкөбүздүн байлыгы”, - деп Садыр Жапаров баса белгиледи.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Жалал-Абад облусу боюнча жасалып жаткан аракеттер тууралуу да айта кетти. Ал быйыл ири инвестициялык долбоорлор ишке ашарын билдирди.

““Майлуу-Суу лампа заводу” 1 млрд сомго, “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому 410 млн АКШ долларына модернизацияланууда. Бул жылы “Түндүк-Түштүк” альтернативдик автожолу да ачылат деп тилек кылып отурабыз. Ошону менен бирге “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушунун 2-этабын баштоо аракети да көрүлүүдө”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы Жалал-Абад шаарынын борбордук бөлүгүн иретке келтирүү, жол тыгындарын жоюу үчүн 22 гектар жер аянтына заманбап базар куруу пландаштырылып жатканын кошумчалады. Мындан сырткары, жакынкы аралыкта кытайлык инвесторлор менен бирге жеңил жүк ташуучу унааларды чогулта турган завод ачуу көздөлүп жатат.

Сөзүнүн аягында президент Садыр Жапаров быйыл аймактарды ирилештирүү долбоорунун алкагында Жалал-Абад шаарынын аймагы кеңейип, калкынын саны да артканын айтып берди. Ага ылайык, өндүрүштү колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү, калктын социалдык жашоо деңгээлин жогорулатууга да басым жасалууда.

“Өлкөбүздө жүрүп жаткан ырааттуу өнүгүүнүн алкагында мерчемдеп алган пландарыбызды ишке ашырууну уланта бермекчибиз. Буга болгону эл-журтубуздун биримдиги, өлкөбүздө туруктуулуктун сакталышы гана зарыл”, - деп президент Садыр Жапаров сөзүн жыйынтыктады.

Президент Садыр Жапаров мектептин жаңы имаратын: окуу класстарын, спорттук жана актовый залдарды, ашкананы, лабораторияларды жана башка жайларды көрүп чыкты.

Пикир

Оставить комментарий