• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кулубаев Минскте КМШ ТИМ башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты

Саясат 0

Бишкек, 12.04.24./Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 12-апрелде Минск шаарында КМШга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты.

Делегация башчылары эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуунун жүрүшүндө КМШ форматындагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз-ара аракеттешүүнүн абалын жана келечегин талкуулашты.

КМШга мүчө-мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволорунун багыты боюнча кызматташуу, аскердик коопсуздук, сот жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу маселелери каралды.

Ошондой эле тышкы саясат ведомстволорунун башчылары өкмөт башчыларынын кеңешинин алдыдагы жыйынында бекитүүгө чыгарыла турган бир катар документтерди жактырышты.

КМШнын тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынын үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында Москва шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий