• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Манама шаарында Кыргыз-бахрейн ишкерлер кеңешин түзүү талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 22.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейн Падышалыгынын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасынын орун басары Мухаммед Абдулжаббар Аль-Кухейджи менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу КР ТИМ башчысынын Бахрейн Падышалыгына болгон расмий сапарынын алкагында өтүп, ага ошондой эле Бахрейндин Соода-өнөр жай палатасынын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү жана башкы аткаруучу директору катышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун маселелери боюнча кеңири пикир алмашуу болду.

Тактап айтканда, тараптар жер казынасын пайдалануу, энергетика, айыл чарба, туризм жана Бахрейнге ата мекендик өндүрүштөрдү экспорттоо жаатында биргелешкен иштерди жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Эки өлкөнүн географиялык жактан жайгашуусун эске алуу менен соода-экономикалык байланыштарды арттыруу үчүн, транспорттук-логистикалык көйгөйлөрдү чечүү маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамдарын ачуу зарылдыгы белгиленди.

Өз кезегинде, министр Ж.Кулубаев эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда байланыштарды түзүү жана ар кандай иш-чараларды уюштуруу максатында, Кыргыз-бахрейн ишкерлер кеңешин түзүүнү сунуштады. Бахрейн тарап бул демилгени колдоп, тараптар бул багыттагы иштерди улантууну макулдашты.

Ошондой эле жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында, Бахрейндин Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги КР Соода-өнөр жай палатасы жана КР президентинин алдындагы Улуттук инвестициялык агенттиги менен байланыштарды түзүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Жыйынтыгында тараптар соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүн жакындатууга жана Кыргызстан менен Бахрейндин ортосундагы өз ара кызматташуу үчүн болгон потенциалды жана мүмкүнчүлүктөрдү ачууга кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий