• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте КМШ ПААнын жыйындары башталды

Саясат 0

Бишкек, 16.11.23./Кабар/ Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилерин расмий тосуп алды.

Тагыраагы, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко, Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова, Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин Төрайымы Наталья Кочанова, Тажикстан Республикасынын Оли Мажлисинин Милли Мажлисинин Төрагасы Рустами Эмомали жана Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын Төрагасынын орун басары Рубен Рубинян келди.

Алгач парламент жетекчилери КМШ ПААнын Кеңешинин жыйынына катышып, күн тартибиндеги маселелерди талкуулайт.

Пикир

Оставить комментарий