• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чехиянын президенти Жээнбековду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 03.11.17 /Кабар/. Чехия Республикасынын Президенти Милош Земан Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбековдун басма сөз кызматы билдирди.

“Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланышыңыз менен чын ниеттен куттуктайм. Биз Чехия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын мамилелери эки элдин бакубаттуулугу үчүн өнүгө берет деп эсептейбиз. Сизге бекем ден соолук жана жооптуу кызматыңызда ийгиликтерди каалайм”, - деп Президент Милош Земандын телеграммасында жазылган.

Пикир

Оставить комментарий