• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-герман мамилелерин чыӊдоо жана алдыдагы пландар талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев менен Германиянын Тышкы иштер министрлигинин "Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия" бөлүмүнүн башчысы А. Конрад онлайн жолугушуу өткөрдү.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-герман мамилелерин чыӊдоо жана ушул жылга пландаштырылган эки тараптуу иш-чаралар талкууланды.

Элчи Абдылдаев ушул жылдын 11-апрелинде Кыргызстанда жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум өткөрүү жөнүндө, ошондой эле өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү боюнча чаралары туурасында маалымат берди.

Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну активдештирүү, Германиянын Тышкы иштер министрлигинин “Жашыл Борбордук Азия” демилгесин ишке ашыруу, тышкы иштер министрликтердин ортосунда кезектеги консультацияларды өткөрүү, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери да каралды.

Пикир

Оставить комментарий