• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жер, Суу жана Эмгек кодекстерине өзгөртүүлөр киргизилет — министрлер кабинетинин кезектеги жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 12.04.24./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны өттү.

Жыйындын күн тартибине 30 маселе киргизилди.

Отурумда “Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору каралып, жактырылды.

Жер кодексинин жаңы концепциясынын долбоору жер ресурстарын эффективдүү башкарууга гана шарт түзбөстөн, жерге болгон мамиленин маданиятын жана философиясын өзгөртүүгө, жеринде жерди башкаруу институттарын чыңдоого, жер рыногун жакшыртууга салым кошууга тийиш.

Мындан тышкары, “Кыргыз Республикасынын Суу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу” Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоору жер үстүндөгү жана жер астындагы суу ресурстарын, Кыргыз Республикасынын суу фондунун жерлерин башкаруу, пайдалануу жана коргоо жаатындагы укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын бардык мыйзамдарын бириктирүүгө мүмкүндүк берет.

Андан соң “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу” Кыргыз Республикасынын токтомунун долбоору каралып, жактырылды.

Документ жумушчулар менен иш берүүчүлөрдүн тең салмактуулугуна жетишүү үчүн иштелип чыккан, ошондой эле учурда колдонулуп жаткан Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси 2004-жылы кабыл алынганын жана ал азыркы мезгилдин талабына жооп бербейт.

Белгиленгендей, 2004-жылдан бери Эмгек кодексине 35ке жакын өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген, кээ бир беренелер жаңы редакцияда берилди, башкалары кайра каралып чыкты, ошол эле учурда экономикалык жана эмгек мамилелеринин өнүгүшүнө, ишке орноштуруунун жаңы формаларынын пайда болушуна байланыштуу учурдагы Эмгек кодекси убакыттын улам өтүшү менен өзүнүн негизги функцияларын аткарбай калат.

“Жаңы Эмгек кодекси эки бөлүктөн турат: жалпы бөлүк жана өзгөчө бөлүк. Жалпысынан кодекс 265 беренени бириктирген 6 бөлүмдү, 23 главаны камтыйт. Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир адам эмгек эркиндигине, эмгекке жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга, кесибин жана иштин түрүн тандоого, коопсуздуктун жана гигиенанын талаптарына жооп берген эмгек шарттарына жана эмгекти коргоого укуктуу, ошондой эле эмгек акы алуу укугун аныктайт. Мына ошонун негизинде жаңы Эмгек кодексинин негизги максаты эмгек мамилелеринин субъекттеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, эмгек мамилелеринин тараптарынын кызыкчылыктарынын тең салмактуулугуна, экономиканын өсүшүнө, өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган зарыл укуктук шарттарды түзүү жана элдин жыргалчылыгы үчүн жасоо болуп саналат”, - деди Жыпариса Боронбаева.

Пикир

Оставить комментарий