• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чолпон-Атада кызматташуу боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтүүдө

Саясат 0

Чолпон-Ата, 16.08.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйыны өтүүдө.

Жыйынга Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышууда.

Жолугушууда тараптар буга чейин жогорку деңгээлде жетишилген бир катар маселелерди талкуулайт. Тараптар ошондой эле Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушун, Камбар-Ата ГЭСин куруу долбоорлорун талкууламакчы.

Мындан тышкары, жолугушууда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык тармактарда кызматташуу маселелери каралат.

Күн мурун Абдулла Арипов баштаган өзбек делегациясын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кабыл алган.

Белгилей кетсек, кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясы 1996-жылы түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий