• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бала-Саруу ГЭСине жабдыктар кийинки аптада келет

Экономика 0

Бишкек, 16.08.23. /Кабар/.Талас облусундагы Бала-Саруу кичи ГЭСинин курулушуна жабдыктар кийинки аптада келет. Бул тууралуу “Чакан ГЭС” ААКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жабдыктарды Шаньдун-Тайкай компаниясы жеткирет. Белгиленгендей, Бала-Саруу ГЭСинин курулушу активдүү улантылууда.

  • 110 кВ чыңалуусундагы “Кара-Арча - Покровка” аба электр чубалгысынын курулушу дээрлик соңуна жакындады.
  • ГЭСтин курулушуна электр энергия үзгүлтүксүз камсыздалышы керектигине байланыштуу жана аны өчүрүүгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан №11-15 жана №4-5 тирөөчтөр арасына зым тартуу иштери кийинки мөөнөткө жылдырылды.
  • Ал эми жабык бөлүштүрүүчү түзмөктүн курулушу боюнча айтсак, адистер инженердик тармактарды монтаждоо менен, (актап-сырдоо) бүтүрүү иштерин алып барууда. Бүтүрүү иштери аягына чыккан соң элегаздык изоляциясы менен комплектүү бөлүштүрүүчү түзмөктү монтаждоо мерчемделүүдө.

Бүгүнкү күндө ГЭС аймагында басым түтүктөрүн жана ГЭСтин имаратын куруу иштери активдүү жүрүүдө. Айта кетсек, подряддык уюм тарабынан 0,00 белгисине чейинки пайдубалын куюу боюнча жана үч агрегаттын соргуч түтүктөрү менен бетонду кабыл алуу үчүн арматураны боолоо (бекемдөө) боюнча иштери аткарылууда.

Муну менен бирге басым түтүктөрүнүн тирөөчтөрүн орнотуу иштери, ГЭСтин имаратынын дубалдарын орнотуу жана темир каркасын даярдоо боюнча жумуштар аткарылууда.

Жабдууларды камсыздоочу компания Глобал Гидро тарабынан үч гидротурбинанын соргуч түтүктөрүнүн камераларын шеф-монтаждоо иштери жүргүзүлдү.

Эске салсак, Глобал Гидро гидроагрегаттарды жана конустук затворду жеткирип берүүнү ишке ашырат. Акыркысы учурда Бала-Саруу ГЭСинин аймагына жеткирилип келинген. Ал эми турбинанын калган бөлүктөрү даярдалып бүтүп, этап менен курулуучу аймакка жөнөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий