• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жунушов: Кыргызстанда ундун баасы жогорулаган жок, Таласта гана бир аз кымбаттады

Экономика 0


Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. Ун өндүрүүчү ишканалар тарабынан ундун баасы көтөрүлгөн эмес. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Рустам Жунушов билдирди.

Анын айтымында, ундун баасынын бир аз кымбатташы Талас облусунда байкалып, мындай абал облуста ишкананын жоктугунан улам түзүлгөн.

“Чек арадагы “Чоң-Капка” өткөрмө бекети аркылуу мыйзамсыз ун ташылып келгендиктен облустагы ишканалар банкрот болуп, жабылып калган. Таласта бир гана казакстандык унду жана ун азыктарын керектейт. Ата мекендик жана мыйзамдуу түрдө импорттолгон продукция атаандаштыкка туруштук бере албай иш жүзүндө импорттолбойт. Ун ишканалары ишкерлерге же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кепилдиги менен өндүрүштүк баада облуска транспорттук чыгымдар үчүн кошумча төлөм менен продукцияны жөнөтүүгө даяр”, - деди ал.

Жунушов жалпысынан ундун баасы көптөгөн факторлордон көз каранды экенин белгиледи. “Сырье негизинен Россиядан алынып келинет жана ошого жараша рублдин курсуна байланган”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий