• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй облусунун тургунан алдамчылык жолу менен бодо малын алып кеткен жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.01.22 /Кабар/. Чүйдө алдамчылыкка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын сентябрь айынын орто ченинде Аламүдүн районунун ИИБне О.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2021-жылдын апрель айында чала тааныш эркек киши анын ишенимине кирип, бир баш бодо малын 78 миң сомго баалап алып кеткен. Акчасын үч күндүн ичинде кайтарып берүүнү убада кылып, арыздануучуга башка бирөөнүн атындагы автоунаанын документин таштап кеткен боюнча белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чараларынын натыйжасында шектүүнүн өздүгү аныкталган. Ал Жала-Абад облусунун аймагында жашаган М.А. экендиги аныкталып, акыркы үч жылдан бери туруктуу жашаган жери жок экендиги такталган.

2021-жылдын 24-декабрь күнү ага сыртынан айып тагылып, камакка алуу чечими кабыл алынган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чараларынын натыйжасында үстүбүздөгү жылдын 11-январь күнү жогорудагы алдамчылык фактысынын негизинде М.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Териштирүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий