• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына карата иш-чара өттү

Маданият 0

Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. 12-январда Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Рысбай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына карата арналган “Жолугаарым билгенмин” аталышындагы иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Салтанат маданият министри Азамат Жаманкуловдун жана мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун катышуусунда ачылды.

Салтанатта Рысбай Абдыкадыровдун басып өткөн жолу, чыгармачылыгы жана анын бүгүнкү күндөгү кыргыз музыкасынан алган орду жана ролу баса белгиленди.

Ошондой эле учурда Рысбай Абдыкадыровдун ырлары Кыргызстандын гана чегинде эмес, дүйнө кыдырып ырдалып жаткандыгы , анын ырларын улантып ырдап келе жаткан муундун өсүп келе жатканы сыймык менен айтылды.

Иш-чаранын алкагында Р. Абдыкадыров атындагы фонддун атынан Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаковго 100 миң сом жана атайын статуэтка тапшырылып, майрамдык салтанат Рысбай Абдыкадыровдун обонуна жаралган ырлар жаңырып, коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий