• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Атактуу кинорежиссер Болот Шамшиевдин "Эсимде" аттуу китебинин бет ачары болуп өттү

Маданият 0

Бишкек, 30.05.19. /Кабар/. Бүгүн атактуу кинорежиссер Болот Шамшиевдин "Эсимде" аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Бул иш-чарага белгилүү саясий жана коомдук ишмерлер, чет элдик дипломатия өкүлчүлүктөрүнүн, президенттин аппаратынын өкүлдөрү, маданият ишмерлери катышты.

Автордун айтымында, китеп сталиндик репрессияларды жана өткөн кылымдын кыркынчы жылдарындагы оор мезгилди башынан өткөргөн адамдарга арналган.

"Өткөнгө карап, биздин мамлекеттин келечегине таасир эткен окуяларды эсте тутуп жүрүүнү үйрөнбөсөк, биз болочогубузду түшүнө албайбыз. Өзүмдүн китебимде, согуштун оор жылдарын жана репрессияларды башынан кечирген замандаш адамдар тууралуу жаздым. Жалпысынан – бул ошол жылдардагы жашоону чагылдырган кинороман", - деди ал.

Белгилей кетсек, Болот Шамшиев "Караш-Караш окуясы", "Ак кеме", "Бөрү зындан", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" ж.б. тасмаларды тарткан.

Пикир

Оставить комментарий