• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ТИМ башчысы менен Түркия элчиси президент Эрдогандын Кыргызстанга боло турган сапарын талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 25.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды.

ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар 2024-жылдын февралында Анкарада өтө турган кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына даярдыктарды талкуулашты.

Тараптар ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы көп кырдуу өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын ушул жылы Кыргызстанга боло турган сапарын талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тарапты кызыктырган маселелер боюнча диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий