• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Акылбек Жапаров аймактык жетекчилерге инвестиция тартууга жоопкерчиликтүү экенин эскертти

Өкмөт 0

Бишкек, 25.01.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КР президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары-акимдеринин, ЖОЖдордун ректорлорунун катышуусунда болуп жаткан жыйындын төртүнчү күнүнө катышты.

Анда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров административдик-аймактык реформанын жүргүзүлүшү, каржы жана социалдык тармактарда аткарыла турган иштерге токтолду.

“Ар бир өнүккөн өлкө административдик-аймактык реформадан өткөн. Бул реформа – масштабдуу процесстик экономиканын өнүгүшүнө алып келет. Аймактардын экономикалык жактан биригүүсү профилдүү кластердик багыттарды пайда кылат. Бирок АТРди бир эле жолу жасап коюп, анан бүтүп калат деген болбойт. Жогорулоолор жана төмөндөөлөр болуп турат. Төмөн болгон кезде кайрадан АТР жүргүзүлө баштайт. Реформаларга баруу үчүн санариптик чечимдерди күчөтүү, ТӨМдүн негизги максаттарына жетүү сыяктуу бир катар иштер аткарылат”, - деди ал.

Акылбек Жапаров аймактык жетекчилерге жергиликтүү бюджетти көтөрүү боюнча далилдүү чараларды кабыл алуу тапшырмасын койду.

“Биз фискалдык механизмдерди эмне үчүн киргиздик. Бул механизмдерди киргизүүнүн эсебинен сатуудан түшкөн салык көбөйөт. Бул иштер катуу күчөтүлөт”, - деди МинКаб Төрагасы.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын аткарууда социалдык тармактарда аткарыла турган иштерге да токтолду.

Маселен, бош турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын имараттары билим берүү тармагына берүү жагы каралат. Саламаттык сактоо тармагында болсо, Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлигинин мекемелерин санариптештирүү, электрондук каттоо жана кезекке туруу боюнча иш-чаралар күчөтүлөт.

Сөзүнүн аягында Акылбек Жапаров аймактык жетекчилерге тартипти, тазалыкты сактоого, жумуш орундарын түзүүгө, инвестиция тартууга жоопкерчиликтүү экенин эскертти.

Белгилей кетсек, жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери үстүбүздөгү жылдын 22-26-январь күндөрү аткарылган иштерин, алдыдагы пландарын талкуулап, окуу семинарларга катышууда. Алар бүгүн, эртең финансы, экономика багытындагы маалыматтарды угат.

Пикир

Оставить комментарий