• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айрым өлкөлөрдүн премьерлери минкаб башчысын жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 31.08.22. /Кабар/. Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Казакстан премьер-министри Алихан Смаилов, Беларусь премьер-министри Роман Головченко, Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов, Азербайжан премьер-министри Али Асадов, Шри-Ланка премьер-министри Динеш Гунавардена, Чехия премьер-министри Петр Фиала КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин өз кайрылуусунда достук, өнөктөштүк жана союздаштык принциптерге негизделген орус-кыргыз мамилелери кеңири багытта өнүгүп жаткандыгын белгиледи.

«Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташтык чыңдалууда. Аймактар аралык жана ишкер байланыштар кеңейүүдө. Көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары илгерилетүү, Евразия экономикалык биримдигинде жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде интеграцияны тереңдетүү максатында жигердүү биргелешкен ишти улантууга даяр экенимди ырастайм».

Михаил Мишустин Акылбек Жапаровго чың ден соолук жана жооптуу ишинде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын жарандарына бакыт жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

Казакстан премьер-министринин куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

«Казакстан жана Кыргызстан ортосундагы салтка айланган бир туугандык мамилелерге негизделген интеграциялык байланыштар бардык тармактардагы жетишкендиктерге алып келүүдө. Өкмөттөр эки өлкө ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташууну тереңдетүүгө олуттуу салымын кошууда. Жакынкы мезгилде биз ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө күч-аракетибизди жумшайбыз деп ишенем».

Алихан Смаилов Акылбек Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана боордош кыргыз элинин келечеги үчүн жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.

Беларусь премьер-министринин куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

«Экономикалык кызматташтыктын негизги маселелери боюнча өкмөттөр аралык конструктивдүү диалог жана интеграциялык байланыштарды ырааттуу тереңдетүү мындан ары да беларус-кыргыз кызматташтыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп ишенем», - деп айтылат куттуктоодо.

Роман Головченко Акылбек Жапаровго чың ден соолук, бакубатчылык жана алдыга коюлган милдеттерди ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

Өзбекстан премьер-министринин куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

«Өзбекстан жана Кыргызстан элдеринин ортосундагы нукура достук мамилелер акыркы жылдары чыңдалып бара жатат. Биз бир тууган жана достук мамиледеги элдерибиздин кызыкчылыктарына кызмат кылган эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди мындан ары карай өнүктүрүүгө жана активдештирүүгө кызыкдарбыз. Үстүбүздөгү жылы өткөрүлгөн жолугушуулар, ошондой эле алардын алкагында жетишилген макулдашуулар Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча биздин өкмөттөрдүн алдында турган милдеттерди натыйжалуу аткарууга кызмат кылат деп ишенем».

Абдулла Арипов Акылбек Жапаровго чың ден соолук, бакыт жана жооптуу ишмердигинде чоң ийгиликтерди, ал эми бир тууган Кыргызстан элине тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүүнү каалады.

Азербайжан премьер-министринин куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

«Азербайжан жана Кыргызстандын элдерин жалпы тарыхы, улуттук жана руханий баалуулуктары байланыштырып турат. Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюлушу менен өлкөлөр ортосундагы салттуу достук жана кызматташтык мамилелер сапаттуу жаңы деңгээлге көтөрүлүп, ырааттуу өнүгүп жаткандыгын канагаттануу менен белгилейм.

Өлкөлөр ортосундагы бардык тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары карай арттыруу максатында өкмөттүк багыт боюнча жемиштүү жана конструктивдүү ишти улантууга даяр экендигимди билдирем».

Али Асадов Акылбек Жапаровго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

Шри-Ланка премьер-министринин куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

«Келечекте биздин өлкөлөр ортосундагы достук байланыштар жана жемиштүү кызматташтык активдүү өнүгүп, чыңдала берет деп ишенем», - деп айтылат куттуктоодо.

Чехия премьер-министри белгилегендей, эки өлкө ортосундагы салтка айланган мамилелер ар дайым достук, кызматташтык жана өз ара сыйлоо багытында өнүгүп келген.

«Биздин өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтык мындан ары да чыңдалып, өнүгө берет деп ишенем. Сизге жана Кыргыз Республикасына зор ийгиликтерди каалайм».

Пикир

Оставить комментарий