• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Кыргызстан менен Оман Азия Кубогунун плей-офф баскычына жолдомо үчүн кез келет

Спорт 0

Бишкек, 25.01.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстан менен Омандын футбол курама командалары Катарда өтүп жаткан футбол боюнча негизги континенталдык турнир – 2023-жылкы Азия Кубогунда плей-офф баскычына болгон жолдомо үчүн кез келет.

Турнирдин "F" тайпасынын жыйынтыктоочу турунун алкагында орун ала турган беттеш Абдулла бин Халиф стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 21:00да старт алат.

Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия биринчилигинде өз тарыхында экинчи жолу ойноп жатат. Ага жалпысынан 24 улуттук футбол боюнча курама командасы катышып, алар төрт командадан турган алты тайпага бөлүнгөн.

Тайпалык этаптын жыйынтыгы боюнча турнирдин плей-офф баскычына ар бир квартеттен эң мыкты эки команда, ошондой эле тайпада 3-орунду ээлегендердин ичинен эң мыкты 4 курамалар чыгууда.

Кыргызстандын курамасы тайпанын үчүнчү орунунда жайгашып, кийинки баскычка жолдомо алуусу үчүн бүгүнкү оюнда атаандашты 2 гол айырма менен жеңиши зарыл.

"F" квартетиндеги Таиланд жана Сауд Аравия курамалары Бишкек убактысы боюнча 21:00дө оюнда кез келишет.

УТРК Спорт каналы Азия биринчилигинин бардык оюндарын Кыргызстандын аймагында көрсөтүп жатат. Түз берүүлөр каналдын тиркемесинде жана сайтында да жеткиликтүү болот.

Пикир

Оставить комментарий