• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда кар астында калган 24 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

Кырсык 0


Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары бүгүн, 26-февралда саат 12:30да тынымсыз издөө иштеринин натыйжасында 24 жаштагы К.А. аттуу кыргызстандыктын сөөгүн таап, ИИМ кызматкерлине өткөрүп беришкен. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, издөө иштерин улантуу максатында жеринде КР ӨКМнен жалпы 74 куткаруучу, “Чайна Роуд” ишканасынан 7 атайын техника, УКМКнын Чек ара кызматынан 4 кызматкер, тез жардам кызматынан 1 бригада, ИИМнин ЖКККББдан 4 кызматкер иш алып барууда.

Эскерте кетсек, 14-февраль күнү Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунунун 332 жана 338-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшкөн. Кар көчкү түшкөн аймакта буга чейин 4 адам дайынсыз болгон. Азыркы тапта калган 3 кытай жаранын издөө иши жана унаа жолду тазалоо иш-чаралары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий