• 88.68
  • 95
  • 0.95

Казарман ГЭСтер каскадын КЭР компанияларынын ири консорциуму курат - Акылбек Жапаров

Экономика 0

Чолпон-Ата, 27.07.23. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Ысык-Көл 2023" эл аралык экономикалык форумунун ачылышында бүгүн иш-чаранын алкагында Казарман ГЭСтер каскадын куруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюларын билдирди.

Анын айтымында, долбоорду Кытайдын "PowerChina Northwest Engineering Corporation Ltd", "Green Gold Energy" (GGE) и "China Railway 20th Bureau Group Co Ltd" компанияларынын ири консорциуму курат.

"Бул Кыргызстандын тарыхында эң ири инвестициялык келишим болуп саналат. Азыркы учурда мамлекет башчысынын жетекчилиги астында ушундай эле масштабдагы 10дой долбоор боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз жакынкы жылдары электр энергиясын өндүрүүнүн жетишсиздигин эле толуктабастан, ишенимдүү түрдө жылына жүз миллиондогон доллардык электр энергиясын экспорттоого жол ачкан кубаттуулукка чыгабыз", - деди ал.

Эскерте кетсек, Нарын дарыясында 2030-жылга чейин 1,160 МВт кубаттуулуктагы Казарман ГЭСтер каскады курулуп, пайдаланууга берилет. Каскад бардыгы болуп төрт гидроэлектрстанцияны өзүнө камтыйт: 600 МВт кубаттуулуктагы Ала-Буга ГЭСи, 149 МВт кубаттуулуктагы Кара-Булуң ГЭСи, 163 МВт кубатуулуктагы Кара-Булуң-2 ГЭСи жана 248 МВт кубатуулуктагы Тогуз-Торо ГЭСи. Алдын ала инвестициянын жалпы көлөмү 2,4-3 млрд долларга бааланууда жана деталдуу долбоорлоодонг кийин так саны белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий