• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2017-жылы 252 млн. сомго айып жазылган – Монополияга каршы күрөшүү кызматы

Экономика 0

Бишкек, 31.05.18. /Кабар/. “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйындын жүрүшүндө Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров Евразиялык Экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) алкагында 2017-жылда жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы тууралуу айтып берди.

“Биз мониторинг жүргүзүп, айрым мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөйбүз - “Атаандаштар жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктары”, “Жарнак жөнүндө”, “Табигый монополия жөнүндө”. Бул мыйзамдардын аткарылышы боюнча орган же уюм тарабынан ар кандай бузуулар аныкталат",-деп билдирди ал.

Анын айтымында, былтыркы жылдын эсеби боюнча тигил же бул өндүрүүчүлөргө карата Монополияга каршы кызматка 500гө жакын адам кайрылган.

“Аталган маселе боюнча жобо берилет, эгерде аткарылбаса, анда айып санкциясы жазылат. Былтыркы жылдын эсеби менен жалпы суммасы 252 млн. сомго айып жазылган, 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 78% көп (38 млн.). Бюджетке 146 млн. сом түштү”,-деп кошумчалады ал.

Быйылкы жылдын төрт айынын ичинде бюджетке дээрлик 97 млн. сом кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий