• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте ЭКСПО көргөзмөсү өттү - сүрөт

Экономика 0

Бишкек, 15.06.23. /Кабар/. Бишкекте USAID`дин "Конкуренттүү ишкана" долбоорунун аякташына арналган ЭКСПО көргөзмөсү өттү.

Көргөзмөгө түрдүү тармактардан 40тан ашык долбоордун өнөктөшү өз продукцияларын коюшкан: айыл чарбадан баштап тамак-аш өнөр жайына, билим берүү жана тигүү өндүрүшүнө чейин.

Иш-чаранын катышуучулары үчүн кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн товарларын сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү:

- Баткендин органикалык кургатылган жемиштери;
- сүт азыктары;
- Lucky Socks креативдүү байпактары;
- жемиштер жана протеин кошулган токочтор;
- чөп кошулган чайлар;
- картошка чипсылары;
- таза тоо балы;
- экологиялык жактан таза балык азыктары;
- колдон жасалган буюмдар.

Ошондой эле көргөзмөдө тогуз кризистик борбор өздөрүнүн продукцияларын көрсөтүштү, алар долбоордун колдоосу менен өз өндүрүшүн ишке киргизишкен.

Пикир

Оставить комментарий