• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызcтанда “Акылман” президенттик лицейи түзүлдү. Максаты

Президент 0

Бишкек, 15.06.23. /Кабар/. Кыргызcтанда “Акылман” президенттик лицейи түзүлдү. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, окуп жаткандардын интеллектуалдык, илимий жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, Кыргызстандын өзгөчө зээндүү балдарын колдоо жана дем берүү үчүн зарыл шарттарды түзүү билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.

Бүткүл өлкө боюнча өзгөчө шыктуу балдарды окутуунун жана тарбиялоонун бирдиктүү системасын түзүү, таланттуу жаштарды андан ары колдоо жана сыйлоо, Кыргыз Республикасында интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу максатында, КР Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

1. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик адистештирилген жалпы билим берүү уюму формасында “Акылман” президенттик лицейи» мекемеси түзүлсүн.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) “Акылман” президенттик лицейине кабыл алуу окуп жаткандардын кызыкчылыктарын жана өзгөчөлүктөрүн эске алып, аларды окутуунун айрым предметтерин жана деңгээлдерин тандоо жолу менен окуу процессин индивидуалдаштыруу каралган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 6-класстарын аяктаган окуп жаткандардын ичинен жүргүзүлөт;

2) “Акылман” президенттик лицейи түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине баш иет.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) “Акылман” президенттик лицейинин педагогикалык кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн жакшыртылган шарттарын түзүүгө багытталган чараларды көрсүн;

2) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Акылман” президенттик лицейин түзүү жана ишин уюштуруу боюнча чараларды жана ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

Пикир

Оставить комментарий