• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Мамлекеттик туунун авторлоруна энчилүү сааттарды тапшырды

Президент 0


Бишкек, 03.03.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун авторлору Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков жана Жусуп Матаев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы авторлорду Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү менен куттуктап, ал 1992-жылы “легендарлуу парламентте” бекитилгенин белгиледи.

«Сиздер Кыргызстандын Мамлекеттик туусунун авторлору катары түбөлүккө тарыхта каласыздар, мамлекеттин тарыхына кошкон салымыңар эч качан унутулбайт. Мамлекет жана анын жарандары ар дайым сиздер менен сыймыктанат», - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Туунун авторлору Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков жана Ж. Матаев Мамлекет башчысын жылуу кабыл алып, көңүл бурганы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик туунун авторлоруна Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааттарын тапшырып, аларга бекем ден-соолук, бакубатчылык, ийгиликтерди жана узун өмүр каалады.

Пикир

Оставить комментарий