• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эл аралык Түрк академиясы Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын белгилейт

Маданият 0

Бишкек, 03.03.18 /Кабар/. Эл аралык Түрк академиясы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилейт. Бул тууралуу Эл аралык Түрк академиясынын (TWESCO) 2018-жылга карата аткарыла турган долбоорлоруна арналган басма сөз брифингинде белгилүү болду,-деп билдирет академиянын басма сөз кызматы.

Борбордук коммуникациялар кызматында өткөн ММК үчүн уюштурулган брифингде Академиянын башчысы Дархан Кыдырали кыргызстандык илимий мекемелер жана Кыргызстандын окумуштуулары менен болгон бекем илимий байланыштар биргелешкен фундаменталдык долбоорлорду ишке ашыруу менен улана тургандыгын айтты.

Эл аралык Түрк академиясы быйыл белгилүү манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына карата бир топ эл аралык иш-чараларды өткөрүүнү пландаштырып жаткандыгы айтылды.

Айта кетсек, Академия Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту менен бирге «Манас. Сагымбай энциклопедиясы» аттуу көлөмдүү энциклопедияны жана «Манас сөздүгү» деп аталган басылманы басмага даярдап, жарыкка чыгарган. Белгилүү манасчы Сагымбай Орозбаковго арналган бул эмгекти даярдоого кыргыз академиги Абдылдажан Акматалиев жетекчилик кылды.

Мындан сырткары, журналисттер менен өткөн жыйындакыргызстандык окумуштуулар менен бирге бир топ илимий долбоорлор ишке аша тургандыгы маалымдалды. 2018 жылы адамзаттын Айтматову аталган белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы. Түрк академиясы бул датаны да кеңири алкакта эл аралык иш-чараларды уютуруу менен өткөрөт. Учурда жазуучунун мурасына байланыштуу кыргыз окумуштуулары менен биргеликте дайындалган эки томдук көлөмдүү монография басмага даяр тургандыгы айтылды.

Буга чейин Академия «Белгилүү инсандар» сериясы боюнча «Чыңгыз Айтматов жана азыркы түрк дүйнөсү» аттуу китеп басып чыгарган. Ошону менен бирге, жазуучунун чыгармачылык мурасына арнап Бишкек менен Астанада ар кандай жыйындарды өткөрмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий