• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КРнын эл артисти Кыдырбек Чодроновдун 100 жылдыгына карата концерт коюлду

Маданият 0

Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Академялык опера жана балет театрында Кыргыз Республкасынын эл артисти, опера ырчысы (баритон) Кыдырбек Чодроновдун 100 жылдыгына карата концерт болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, концерттин жүрүшүнө маданият министринин орун басары Кайрат Иманалиев катышып, куттуктоо сөз сүйлөдү.

Кыдырбек Чодронов Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Баш-Кара-Суу айылында 1920-жылы төрөлгөн. 1948—1951-жылдары Москва консерваториясынын улуттук студиясында окуган.

Ал 1938-жылы чыгармачылык жолун опера жана балет театрынын хор артисти катары иштеп баштаган.

50 жылдык чыгармачыл ишмердүүлүгүндө Кыдырбек Чодронов 50дөн ашуун спектаклдерде каармандардын образын жараткан.

Профессионалдык музыкалык искусствону өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Кыдырбек Чодронов Эмгек Кызыл Туу, Элдердин Достугу ордендери менен сыйланган, ал эми 1958-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти деген жогорку наамына ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий