• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте комплекстүү автоматташтырылган музей маалыматтык системасынын бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 09.12.23./Кабар/. Бүгүн Бишкекте комплекстүү автоматташтырылган музей маалыматтык системасынын (КАМИС) бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Иш-чара Улуттук тарых музейинде өтүп, ага маданият министри Алтынбек Максутов, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат, Россия президентинин чет өлкөлөр менен региондор аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Антон Рыбаков, Улуттук тарых музейдин директору Жылдыз Бакашова жана тиешелүү өкүлдөр катышты.

Анда музейлерде фондулук эсепке алуу, көргөзмө, илимий жана калыбына келтирүү иштерин автоматташтырууга негизделген системаынын артыкчылыктары жана заман талабына ылайык иш алып баруу тууралуу кенен маалыматтар угулду.

Министр өз сөзүндө Кыргызстанда кыргыз элинин тарыхый-маданий мурастарын сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

"Президент Садыр Жапаровдун алгачкы жарлыктарынын бири "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону, изилдөөнү жана популяризациялоону камсыз кылуу боюнча мамлекеттик колдоо жөнүндө" Жарлыгы болгон. Бул системаны Кыргызстандын музейлерине киргизүү көп жылдар бою чечилбеген чоң көйгөй болуп келген. "КАМИС" программалык камсыздоосун пайдаланууга киргизүү Борбордук Азиянын музейлеринде биринчи жолу Кыргызстанда - Улуттук тарых музейинде ишке киргизилип жаткандыгын кубануу менен кабыл алуудабыз. "КАМИС" программалык камсыздоосу Кыргыз элинин тарыхый – маданий мурастарын сактоодо чоң роль ойнойт деп ишенем", — деди Максутов.

Ошондой эле министр долбоорду колдоого алган жана аны ишке ашырууда салымдары бар бардык тараптарга ыраазычылык билдирди.


КАМИС — музейдеги көйгөйлөрдүн кеңири спектрин чечүүнү камсыз кылган эң күчтүү заманбап музей маалымат системасы. Камистин жардамы менен музейлерде гипермедиялык шилтемелер менен бириктирилген ар кандай чөйрөлөрдү (тексттер, сүрөттөр, аудио, видео, анимация) камтыган музей коллекцияларынын интеграцияланган маалымат базалары түзүлөт.

Ал заманбап СУБД Oracle менен ишке ашырылган.

КАМИС маалыматты түзүмдөштүрүп, бардык атрибуттары жана алардын айкалыштары боюнча маалыматтарды ыкчам издөөгө жана алууга, бухгалтердик операцияларды жүргүзүүгө жана тизмелердин, каталогдордун, документтердин ар кандай түрлөрүн, ошондой эле интернеттен кирүү мүмкүнчүлүгү бар электрондук интерактивдүү басылмаларды, консолидацияланган маалымат базаларын даярдоого мүмкүндүк берет.

КР Улуттук тарых музейинде КАМИС программасын ишке ашыруунун натыйжасында музей буюмдарын автоматташтырылган эсепке алуу уюштурулат, музей буюмдарынын сүрөттөрү менен электрондук музей каталогу түзүлөт, программа көргөзмө жана сактоо жайларынын инвентарларын автоматтык түрдө түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий