• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Президенттин дарегине келген даттануулар дыкат жана натыйжалуу иликтене баштады - Сагынбаев

Коом 0

Бишкек, 31.05.18. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун дарегине акыркы айларда 500гө жакын даттануу келип түштү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, келип түшкөн даттануулардын 400гө жакыны кароо үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Башкы прокуратурага жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлгөн.

Анын билдирүүсүндө, укук коргоо, сот жана көзөмөл органдарына болгон даттануулар мамлекет башчысынын дарегине мурда да түшчү, өз ыйгарым укуктарынан пайдаланган адамдарга карата жазаны күчөтүү боюнча жазылган билдирүүлөр дыкат карала баштады.

“Талаптар күчөтүлгөнгө байланыштуу билдирүүлөрдү дыкат карап чыгуу тенденциясы пайда болду, анын жыйынтыгында тергөөчүлөр жоопкерчиликке тартылып, прокурорлор кызматтан алынууда”,-деп кошумчалады Сагынбаев.

Ал убакыт өткөн сайын аталган чаралар бекемделип жана күчөтүлө тургандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий