• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жаңы сквер жана веложол ачылды

Коом 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. Бишкекте жаңы сквер жана веложол ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жаңы сквер "Ынтымак" конушундагы Садырбаев жана Сакалдуу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Жалпы аянты 0,60 гектарды түзгөн скверде балдар, воркаут аянтчасы курулуп, велосипед тебүүгө ылайыкталган. Ошондой эле сейил бакка ирригациялык система орнотулуп, жарыктандырылды, брусчатка төшөлүп, бак-дарактар отургузулду.

Мындан тышкары, Семетей көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин веложол жана тротуар салынды. Жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдун жалпы узундугу 2,7 чакырым, туурасы 3 метр, веложолдун туурасы 2 метрди түзөт.

Өз кезегинде, жашыл аянтты сугаруу үчүн ирригациялык системалар орнотулду. Шаардыктардын ынгайлуулугу үчүн аялдама комплекси жакшыртылды, жакында жол белгилери орнотулат.

Белгилей кетсек, курулуш иштерин "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жүргүзгөн.

Пикир

Оставить комментарий