• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эл өкүлдөрү Балдар күнүнүн алдында балдарга тиешелүү деңгээлде кам көрүлбөй келе жатканын көтөрүп чыгышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин “Ар кыл маселелер” саатында бир катар эл өкүлдөрү Балдар күнүнүн алдында балдарга тиешелүү деңгээлде кам көрүлүбөй жаткандыгын көтөрүп чыгышты,-деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Депутат Наталья Никитенко балдардын өз жанын кыйган фактылары токтобой келе жатканына токтолуп, аткаруу бийлиги мунун кесепети менен күрөшпөй, суициддердин себептерин аныктап, алдын алуу иш-чараларын көрүшү зарылдыгын белгиледи.

Депутат Таабалды Тиллаев балдардын онкологиялык борборунун токтоп калган курулушу боюнча маселе көтөрдү. Депутат бүгүнкү күндө рак илдеттерине кабылган балдар, кош бойлуу аялдар көбөйгөндүгүн баса белгилеп, аталган борбордун курулушу башталгандан кийин аягына чыгаруу зарылдыгын Өкмөткө багыттады.

Депутат Айсулуу Мамашева болсо жакында эле үрөйдү учурган окуяга – 19 жаштагы Бурулай аттуу кыз ала качуунун жыйынтыгында милиция бөлүмүндө ала качкан баладан бычакталып каза болгондугун ортого салды. Депутат “Чындыгында бул улуттук деңгээлдеги көйгөй. Мындай жосунсуз жоруктарды качан токтото алабыз”,- деп аткаруу бийлигинин астына суроо койду.

Пикир

Оставить комментарий