• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Толкунбек Абдыгулов башка кызматка которулуп жатканын айтты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын учурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгулов башка кызматка которулуп жатканын айтты.

Депутат Айбек Осмонов Абдыгуловго “Ушунча жылдан бери иштеп келип, эмне үчүн кыйын учурда кетип жатасыз, коркутуу-үркүтүүлөр болдубу?” деген суроо салды.

Абдыгулов президент Садыр Жапаров тарабынан башка кызматка которулуу боюнча сунуш түшкөнүнө токтолду.

“Жапаров тарабынан башка тармакта тажрыйба, билимиңди ишке салып, жардам бергин деген сунуш түштү. Сунушту туура кабыл алдым. Өз каалоом менен арызымды бердим”, - дейт ал.

Ошондой эле Толкунбек Абдыгулов Эл аралык валюта фондуна (ЭВФ) Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп барарын кошумчалады.

“Кызматка дайындоо боюнча бүгүн президент тиешелүү жарлыкка кол койду”, - деди Абдыгулов.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагалык кызматына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин сунуштаганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий