• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакбаев Ядролук куралды толук жок кылуу күнүнө карата өткөрүлгөн жыйында сөз сүйлөдү

Саясат 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Күн мурун, 28-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Ядролук куралды толук жок кылуу эл аралык күнүнө карата жогорку деңгээлдеги жыйында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматы билдирет.

Тышкы иштер министри Борбордук Азиянын ядролук куралы жок зонасынын координациялоочу мамлекети катары, Борбордук Азиядагы ядролук куралсыз аймак дүйнөлүк коомчулуктун глобалдык деңгээлде ядролук куралды азайтуу, аларды түп-тамыры менен жок кылуу боюнча ырааттуу аракеттерине олуттуу салым кошуп жатканына көңүл бурду.

Тарыхта биринчи жолу, 2014-жылы беш ядролук держава – Улуу Британия, Кытай, Россия, АКШ жана Франция бир эле учурда Борбордук Азияда Ядролук куралдан эркин аймак жөнүндө келишимге Коопсуздукту камсыз кылуунун терс кепилдиктери жөнүндө протоколуна кол коюшкан.

Алардын кепилдиктери – ядролук куралды же башка ядролук жардыруучу түзүлүштөрдү колдонбоо жана аларды Борбордук Азиянын ядролук куралсыз зонасына катышуучу өлкөлөргө каршы колдонуу коркунучу жок. Бүгүнкү күндө документ Улуу Британия, Кытай, Россия жана Франция тарабынан ратификацияланган. Ушуга байланыштуу министр Р.Казакбаев өз сөзүндө Протоколду ратификациялай элек калган тараптарды анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон чараларды көрүүгө чакырды.

Ошону менен бирге, КР тышкы иштер министрлигинин башчысы белгилегендей, куралсыздануу жана массалык кыргын салуучу куралды жайылтуунун алдын алуу саясаты Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги принциптеринин бири болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий