• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Москвада сот Кыргызстан менен Өзбекстандын 11 жаранын теракт даярдоо боюнча айыптуу деп тапты

Коом 0

Бишкек, 25.01.19./Кабар/. Москванын аймактык аскердик соту Кыргызстан менен Өзбекстандын 11 жаранын Москва жана Санкт-Петербург шаарларында теракт даярдоо боюнча айыптуу деп тапты. Бул тууралуу mskgazeta.ru жазат.

Маалыматка ылайык, алар жазасын катуу тартиптеги колонияда өткөрүшөт. Айыпталгандарды 6 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратуу өкүмү чыккан.

"Московская газетанын" соттогу өздүк булактары билдиргени боюнча соттолгондордун сегизи Кыргызстандын жараны болсо, үчөө Өзбекстандын жараны болушат.

Тергөө аныктаганы боюнча, бул жарандар "Ислам мамлекети" террордук уюмунун кылмыш тобуна киришкен. Алар Москва жана Санкт-Петербург шаарында курал жана колго жасалган жардыруучу каражаттарды колдонуу менен теракт уюштурмакчы болушкан.

Пикир

Оставить комментарий