• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жыл башынан бери доллардын сомго карата курсу 23,82%га өстү – УБ

Экономика 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Жыл башынан тартып 16-мартка чейин АКШ долларынын сомго карата курсу 23,82%га, башкача айтканда 84,8 ден 105 сомго чейин өстү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезексиз жыйынында КР Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда валюта рыногундагы абал салыштырмалуу туруктуу.

"2022-жылдын январынан 15-мартка чейин алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында КРУлуттук банкы 284,30 миллион доллар өлчөмүндө чет өлкө валютасын сатуу боюнча 5 интервенция өткөргөн, анын ичинен 66,65 миллион доллар накталай болгон. Ошентипп, жыл башынан тартып 16-мартка чейин АКШ долларынын расмий курсу сомго карата 23,82%га, башкача айтканда 84,8 сомдон 105 сомго чейин өстү", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий