• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эмне үчүн COVID-19га каршы эмдөө алуу керек? Себептери

COVID - 19 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Республикалык штабдан эмне үчүн COVID-19га каршы эмдөө алуу керек экендигинин себептерин түшүндүрүп беришти.

1-себеп. Эмдөө бардыгын сактайт. Эмдөө биринчи кезекте мени, менин жакындарымды, досторумду жана кесиптештеримди сактайт. Вакцина ооруну жугузуп албоого жана башка адамдарга жуктурбоого жардам берет. Белгилүү бир себептер боюнча эмдөөдөн өтө албаган, бирок тобокел топторго киргендер адамдарды дагы сактайт. Жамааттык иммунитет аркылуу биз COVID-19дан коопсуз коомду түзө алабыз.

2-себеп. Вакцина коронавирустун бардык штаммдарынан сактайт. Ал эми бустердик доза организмдин коргонуусун күчөтөт. Эмдөө алган шартта ооруну жуктуруу же оор түрү менен ооруп калуу тобокелдиги төмөн болот.

3-себеп. Вакциналар коопсуз Бардык вакциналар клиникалык изилдөөлөрдөн өтөт, сыноолордун бардык фазалары аяктаган соң гана пайдаланууга уруксат алышат. Дүйнөдө вакцинанын биринчи дозасын калктын 60% алды. Көптөгөн Европа өлкөлөрү калкынын басымдуу бөлүгүн эмдеп, чектөөлөрдү алууга жетишти.

4-себеп. Эмдөө толук түрдө акысыз, ашыкча чыгымдарды жана убакытты талап кылбайт. Бардык медицина борборлорунан, ошондой эле убактылуу эмдөө пункттарынан вакцина алууга болот. Эмдөөдөн өтүү үчүн пункттарга паспорт менен кайрылуу зарыл. Жакын жайгашкан эмдөө жайларын 2ГИС картасы боюнча табуу мүмкүн.

5-себеп. Ишенимдүү маалымат. Коронавирус тууралуу маалыматтар, эмдөө жөнүндө статистика күн сайын жаңыланып турат. Маалыматтын ишенимдүү булактарын табыңыз жана бардык жаңылыктардан кабардар болуп туруңуз. Медицина жаатындагы дээрлик бардык адистер вакцина коопсуз экенин белгилешет.

6-себеп. Эркин саякаттоо мүмкүнчүлүгү. Пандемия биздин жашообузга өзүнүн түзөтүүлөрүн киргизди. Киргизилген чектөөлөр саякаттоого да тийиштүү. Бирок сиз эркин жана коопсуз саякаттай аласыз. Болгону эмдөөдөн өтүп, сертификат алууңуз керек.

7-себеп. Вакцина 16 жаштан жогору бардык жарандарга жеткиликтүү. Ошондой эле сиз толук курс же ревакцинация үчүн өзүңүзгө керектүү вакцинаны тандай аласыз.

Пикир

Оставить комментарий