• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аскер институтунун курсанттарына талаа сабактары өткөрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Куралдуу күчтөрдүн курсанттарына талаа сабактары өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР Куралдуу күчтөрүнүн Советтер Союзунун баатыры генерал-лейтенант К.Усенбеков атындагы аскер институтунун 2-курсунун курсанттарына 73809 аскер бөлүгүнүн “Ала-Тоо” окуу борборунда 2021-2022 окуу жылынын планына ылайык, 2022-жылдын 7-мартынан 19-мартына чейин талаа сабактары өткөрүлүүдө.

Сабактар тактикалык даярдык, ок атуу, аскердик топография, күжүрмөн унааларды айдоо, байланыш кызматы, жарандык коргонуу, аскердик инженердик даярдоо боюнча болмокчу.

Талаа сабактарынын негизги максаты - курсанттардын 2 жыл ичинде теория жүзүндө алган билимдерин практика жүзүндө бышыктоо болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий